Милдетин өтөп жаткан аскерлер эми кызматтык батирди сатып ала алат. Мыйзам

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшыруу аземи. Архив
Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшыруу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө да акысыз турак жайлуу болууга жол ачат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Турак жай кодексине жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эми 20 календарлык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер адамдары жашап жаткан кызматтык үйүн менчиктештирип ала алат.
Мыйзамдын 1-беренеси менен Турак жай кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгү кошумча пункт менен толукталды. Ага ылайык, кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда, анын ичинде 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына тикелей сатуу жолу менен мүмкүнчүлүк берилет.
Ошол эле учурда "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамына да өзгөртүүлөр киргизилген. Эми запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан, 20 жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.
Мындан тышкары, иш учурунда каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрү да турак жайлуу боло алышат.
Киргизилген толуктоолорго ылайык, эми 20 жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.
Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга 25 атайын аскердик техника берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0