Үч облустун айылдарында сел жүрүп, куткаруучулар иштөөдө. Соңку маалымат

© Фото / пресс-служба МЧС КРОштогу селдин кесепети
Оштогу селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Жааган жамгырдан улам республиканын аймактарында сел жүрүп, үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап, жол, көпүрө жана башка социалдык инфраструктураларга зыянын тийгизген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад жана Таластагы сел каптаган айылдарда анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жааган жамгырдан улам сел жүрүп, үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап, жол, көпүрө жана башка социалдык инфраструктураларга зыянын тийгизген.
Соңку маалымат:
Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа райондорунун бир катар айылдарында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган. Ош облусунда 22-апрелде Өзгөчө кырдаал режими киргизилип, селдин кесепетин жоюу үчүн 508 адам, 82 техника иштеп жатат.
Жалал-Абад облусунда Бостон айылынан 42 турак жайды, Комсомол айылындагы үйлөрдү суу каптаган. Ошондой эле Бишкек — Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн таң эрте Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, тиешелүү тапшырмаларды койду. Жалал-Абаддагы Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуцияланганы айтылган.
Кечээ кечинде Таласта да сел жүргөн. Акыркы маалымат боюнча, Айтматов жана Талас райондорунда сел суулары 252 үйдү, короо-сарайларды, ички чарбалык жолдорду каптаган. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Ош облусунда болгон кечээки сел айдоочунун өмүрүн алып кеткен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Кара-Кулжада кечээки сел бир адамдын өмүрүн алды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0