ЕАЭБде азык-түлүктү маркалоо боюнча маанилүү чечим кабыл алынды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүктү маркалоо. Архивдик сүрөт
Азык-түлүктү маркалоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Мындан ары өндүрүүчүнүн же импорттоочунун дареги өзгөргөн учурда азык-түлүк товарларынын маркаланышы өзгөртүлбөстөн сатыла берет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 22-апрелде "Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш азыктарын маркалоого байланыштуу" техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизди.
Эми өндүрүүчүнүн же импорттоочунун реквизиттери өзгөргөн учурда азык-түлүк товарларынын маркаланышы өзгөртүлбөстөн сатыла берет.
Шаар, облус, көчө жана башка аталыштарды өзгөртүүдө азык-түлүктүн маркасын дагы алмаштыруу көйгөйү жаралгандыктан Казакстандын тамак-аш өндүрүүчүлөрүнүн кайрылуусуна байланыштуу өзгөртүүлөр сунушталган.
"Шаар, район, көчө жана башка аталыштар өзгөртүлүп, бирок жайгашкан жери алмашпаган учурда маркалоодогу мурдагы дареги көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдү 36 айдын ичинде сатыкка чыгарууга жол берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкийдин айтымында, кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкердикке оң таасирин тийгизет.
Техникалык регламенттер ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 180 күндөн кийин күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда дагы айрым конуштардын аталыштары өзгөртүлүүдө.
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Кыргызстанда иштеген ЕАЭБ жарандары ММК полисин алууга милдеттүү эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0