Вице-мэр: коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөсө автобустар өзүн-өзү актабайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив
Бишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Мэриядан азыркы жол кире накталай 20, накталай эмес 17 сом болуп, аталган тармак дотацияда экенин айтышты.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөсө автобустар өзүн-өзү актабайт. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Бишкектин вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди.
Жыйында депутат Элдар Абакиров автобустар азыркы тарифтер менен канча жылда өзүн-өзү актай турганын сураган.
"Автотранспорттук ишкана дотациялык, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Эгерде андай кылбайбыз десек, анда тарифтерди көтөрүү зарыл. Азыркы жол кире накталай 20, накталай эмес 17 сом. Бул тарифтер менен автобустар өзүн-өзү актабайт. Эгерде жол кире 25 сом болсо 8-10 жылда акташы мүмкүн. Ошондо да инфляция ооздукталып, тетиктердин баалары жана валюта курсу өспөй турушу зарыл", — деди Байгөнчөков.
Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолдору каралганын айтып, алар дагы жол кирени көтөрүү зарылдыгын белгилегенин кошумчалады.
Бишкектеги газ автобустар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Мэр Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө канча акча түшөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0