Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Мэр Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө канча акча түшөрүн айттыТаласта төө буурчактын жаңы сорту айдалмай болдуПрезиденттин тапшырмасы менен селден зыян тарткандарга жардам көрсөтүлөт
Өлкөнүн бир катар аймактарында жүргөн селдин кесепетинен канча зыян келгени эсептелгенден кийин жабыркагандарга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстандын айрым облустарында сел жүрүп, бир кишинин өмүрүн алган. Маалымат кызматынан селдин кесепетинен турак үй, короо-жайларга зыян келгенин, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эместигин, анын кесепетин жоюуга тийиштүү түзүмдөрдүн, министрликтердин күчү, техникалык каражаты жетиштүү экенин белгилешкен. "Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө 6,7 миллион сом түшүүдө. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.Анын айтымында, күнүнө 616 автобус жана 115 троллейбуста 465 миң транзакция жүргүзүлүүдө."Коомдук транспорттун сапатынан сырткары, тейлөөнү да кароодобуз. Анткени буга чейин жол кире өз баасына жакындатып көтөрүлгөн. Андан тышкары, талондорду киргизүү жана транзакциялардын санын көтөрүү максаты коюлган", — деди Жунушалиев. Мэр бул өз кезегинде автобустарды тейлөөгө жана алардын иштөө мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0