Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө 6,7 миллион сом түшүүдө. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.Анын айтымында, күнүнө 616 автобус жана 115 троллейбуста 465 миң транзакция жүргүзүлүүдө."Коомдук транспорттун сапатынан сырткары, тейлөөнү да кароодобуз. Анткени буга чейин жол кире өз баасына жакындатып көтөрүлгөн. Андан тышкары, талондорду киргизүү жана транзакциялардын санын көтөрүү максаты коюлган", — деди Жунушалиев. Мэр бул өз кезегинде автобустарды тейлөөгө жана алардын иштөө мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Кыргызстанда иштеген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин сатып алууга милдеттүү эмес. ММК фонду белгилегендей, эгерде иш берүүчүлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө Россия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын Кыргызстанда мыйзамдуу негизде иштеген жарандары камсыздандырылган болуп эсептелет. Бул статусту тастыктоо үчүн Социалдык фонддон жеке камсыздандыруу эсебинен маалым кат алуу керек. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү ММК полисин бир жылга 1 840 сомго сатып алууга укуктуу. Бирок кош бойлуу аялдар жана 16 жашка чыга электер камсыздандырылган болуп саналат. Жеңилдиктерди алуу үчүн фонддун аймактык башкармалыктарына паспорт, жеке идентификациялык номер, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк, иштеген жеринен маалым кат жана Социалдык фонддон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалым кат тапшыруу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок болсо чет өлкөлүктөр үчүн ММК полисинин наркы бир жылга 11 910 сомду, жарым жылга 5 955 сомду түзөт.
Талас облусунда акыркы 30 жылдан бери төө буурчактын сорту жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Ведомство бул көйгөйдү чечүү максатында өнөктөштөрү менен биргеликте Голландия мамлекетинен "хельда" деп аталган жаңы сорттогу төө буурчакты алып келгенин белгиледи. Бакай-Ата сорт сыноо жайында төө буурчактын "хельда" түрү сыноодөн өткөрүлгөн. Жаңы сорт түшүмдүүлүгү менен сапаты жагынан жакшы натыйжаларды берген. "Жаңы сорттогу төө буурчакты өстүрүү менен Талас облусунун дыйкандары түшүмдүүлүктү жогорулатат. Мындан улам өндүрүш менен киреше артып, экспортко мүмкүнчүлүк түзүлөт", — дешти министрликтен.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 85 тыйынга 1 евро 94 сом 81 тыйынга 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 50 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 70 тыйындан, дизель майы 72 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 32 сом 70 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ24-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоо
Жаңылыктар түрмөгү
0