25-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусундагы жайлоодо боз үйлөр. Архив
Ысык-Көл облусундагы жайлоодо боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
25-апрелге караган түнү айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын жергесинде +13...+18 градус жылыйт.
Бул күнү Бишкек менен Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +21...+23, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Радио
ӨКМ жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сел кооптуулугуна даяр турууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0