Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Иранга утулуп, жүрүшүн токтотту

© Фото / пресс-служба КФСЧетвертьфинал Кубка Азии 2024. Кыргызстан — Иран
Четвертьфинал Кубка Азии 2024. Кыргызстан — Иран - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Буга чейин кыргыз спортчулары Японияны жеңип, Тажикстан жана Түштүк Корея менен тең чыкан.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия кубогунун жарым финалына өткөн жок, бирок дүйнө чемпионатына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Чейрек финалда курама команда ирандык спортчулар менен беттешип, оюн атаандаштардын пайдасына 6:1 эсеби менен аяктаган.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, Өзбекстан менен Вьетнамдын чейрек финалдагы беттешинде биринчи команда жеңсе, Кыргызстанга дүйнө чемпионатына жолдомо берилет.
Белгилей кетсек, ушул тапта Таиландда футзал боюнча Азия кубогу өтүп жатат. Буга чейин кыргыз спортчулары Японияны (3:2) жеңип, Тажикстан (2:2) жана Түштүк Корея (5:5) менен тең чыгып, тайпадан беш упай алып экинчи орун менен чыккан.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 139 топтун ичинде 51-орунда турат. Ата мекендик команда Азия кубогуна дайыма катышып, 2005-жылы континенттин биринчилигинде коло медаль уткан. Бирок азырынча дүйнөлүк чемпионатка катыша элек.
FIFA категориясындагы кыргызстандык рефери Вероника Бернацка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Олимпиаданын футбол турниринде кыргызстандык рефери калыстык кылат
Жаңылыктар түрмөгү
0