"Биз — бир бүтүндүкпүз". КРСУда өткөн гала-концерттин видеосу

© Sputnik / Аяна Байтемирова Кыргызско-Россия Славян университетинде "Биз бир бүтүндүкпүз" деген гала концерт болду.
 Кыргызско-Россия Славян университетинде Биз бир бүтүндүкпүз деген гала концерт болду. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Заманбап хореография, кыргыз, орус элдеринин бийлери тартууланган.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде "Биз — бир бүтүндүкпүз" деген гала-концерт болду.
Көрүүчүлөргө эл аралык жана бүткүл россиялык сынактардын жеңүүчүлөрү: өздүк көркөм чыгармачыл топтор, Ленинград облустук маданият жана искусство колледжинин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, эстрада артисттери өнөрлөрүн тартуулашты.
Заманбап хореография, кыргыз, орус элдеринин бийлери аткарылды.
Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко кыргыздар, орустар, украиндер, грузиндер жана Советтер Союзунун башка элдери фашизмди бир күч болуп жеңгенин, бир үй-бүлөдөй болгонун белгиледи.

"9-майда Улуу Жеңишти белгилейбиз. Биз үчүн Кыргызстандын президентинин 8-9-майда Москвага барганы өтө маанилүү... Биздин достук мезгил менен сыналган", — деди Дрозденко.

Чүй менен Ленинград облустары кызматташмай болду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Чүй менен Ленинград облустары кызматташмай болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0