Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда жайгашкан 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш мэрдин тапшырмасынын алкагында жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлдү. Эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирген. Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабдылат. Долбоор ошондой эле фонтан, спорт зал, кечки жарыктандыруу жана сырттагы дааратканаларды камтыйт.
1-майдан баштап билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (ЛАБАС) аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аталган тармакты лицензиялоо окутуучу мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барышы үчүн жүргүзүлөт. "Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле өтүнмөнү аралыктан берүү убакыт, каражатты үнөмдөп, коррупцияны алдын аларын айтышты.
Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Чүй проспектинин Төрөкул Айтматов менен 7-Апрель көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынан маалымдашты. Билдирүүдө Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы жолдун бир гана тилкеси жабылары айтылган, унаалар жолдун экинчи тилкеси менен жүрө алат. Түтүктөрдү алмаштыруу жана башка оңдоп-түзөө иштери эки аптага созулат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1989-жылы ишке берилип, 35 жылдан бери колдонулууда. "Бишкек жылуулук түйүнү" айдоочулардан каттамдарды алдын ала пландоону, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
"Бишкек электр түйүндөрү" ишканасы бугунтон тарта карызы бар 5100дөн ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн билдирди. Ишкана электр энергиясы үчүн карызды өз убагында төлөөгө чакырып, анын суммасын компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмү аркылуу текшерип алууга болорун эскертти. Ошондой эле турак жай ээлери "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу карызын биле алары белгиленди. Абоненттер электр жарыгына болгон карызын төлөм терминалдары, электрондук капчыктар, банктар жана "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй алышат.
"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Талапка ылайык, жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынмакчы. Эмгек акы орточо 30-35 миң сомду түзөт (жасалган жумуштун көлөмүнө жараша кээде мындан да көп чыгышы мүмкүн). Ошондой эле ишканадан жумушчуларга түшкү тамак бекер берилерин билдиришти. Жумушка орношууну каалагандар Орозбеков көчөсү, 259А дарегине саат 09:00дөн 17:00гө чейин кайрылса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0