Бишкекте коомдук жайларда тамеки тартууга каршы рейддер жүрдү. Натыйжа болуп жатабы?

Бишкекте коомдук жайларда тамеки тартууга каршы рейдтер жүрдү. Чылымга каршы күрөшүү иштеринин натыйжасы болуп жатабы?
Жазылуу
Коноктор
Үмүт Сатыбалдиева, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы борбор калаанын төрт районунун муниципалдык администрациялары, укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук тамактануу тармагында санитардык нормалардын сакталышын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.
Жакында эле Бишкекте коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу эрежелеринин сакталышы текшерилди. Анда рейд учурунда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда мыйзамга баш ийбеген тараптарга айып пулдун суммасы канча? Канча протокол түзүлүп, канча акча өндүрүлдү?
Чылымга каршы күрөшүү иштеринин натыйжасы болуп жатабы? Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиевадан жооп алдык.
Жаңылыктар түрмөгү
0