Адис дарыдан пайда болчу аллергиянын белгилерин санап берди

© AFP / LOUAI BESHARAДары. Архивдик сүрөт
Дары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Адис аллергия дарыдан болуп жаткандыгын аныктоо үчүн медиктерге кайрылууга кеңеш берген.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Аллергия айрым дарылардан пайда болорун аллерголог-иммунолог Евгения Паршина "Известия" басылмасына берген интервьюсунда билдирген.
Адистин айтымында, жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү жана ичтин оорушу дары-дармектен башталган аллергиянын белгилерине кирет. Паршина аллергияны көбүнчө анестетик, антибиотик жана В тобундагы витаминдер пайда кыларын түшүндүргөн.

"Дарыдан аллергия болуп жатам десеңиз, анда медиктерге кайрылыңыз. Аллерголог-иммунолог абалыңызга жана анализдердин жыйынтыгына карап диагноз коет", — деген ал.

Кыз татуаж жасоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Кимге татуаж жасатканга болбойт. Дарыгердин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0