Германиядагы террорчулукка шектелген кыргызстандык боюнча ТИМ үн катты

© AP Photo / THOMAS KIENZLEГерманиядагы Федералдык Соттун Башкы прокурорунун штаб-квартирасы. Архив
Германиядагы Федералдык Соттун Башкы прокурорунун штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Министрлик иштин Дюссельдорф сотунда каралышы күтүлүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан ТИМи Германияда Борбор Азиянын үч мамлекетинин террордук иштерге күнөөлөнүп жаткан жети жараны боюнча ЖМКларга жарыяланган маалыматка комментарий берди.
Тагыраагы, тышкы саясат боюнча ведомство ЖМКлар "Германиянын Федералдык прокуратурасы жети чет элдикке, анын ичинде Түркмөнстандын бир, Тажикстандын беш жана Кыргызстандын бир жаранына күнөө койгон" деген маалымат боюнча билдирүү тараткан.
"Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин билдиргенине караганда, алар террордук ишмердүүлүккө катышы бар деп шектелип, камакка алынган. Бул боюнча алардын иши Дюссельдорф шаарында сотто каралышы күтүлүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Министрликтен элчилик иштин жүрүшүнө байкоо салып, маалымдар болуп турарын кошумчалашты.
Түркиянын полиция унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ЖМК: Түркияда теракт жасоого даярданган деп кыргызстандык аял кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0