Ошто жумуш издеп жүргөндөр үчүн жарманке өтөт. Убакыт-сааты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖумуш жарманкеси. Архивдик сүрөт
Жумуш жарманкеси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Иш-чарага катышкандар ар тармактагы 500дөн ашуун жумуш орундары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош мэриясы жумуш издеп жүргөндөрдү "Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесине" чакырат.
Анда Ош шаарындагы 40тан ашуун ишканалар өздөрүндөгү жумуштарды сунушташат. Жарманкеге катышкандар ар тармактагы 500дөн ашуун бош орундар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Шаар мэриясы жарманке 30-апрелде саат 09:00дөн 13:00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөрүн билдирди.
ЖИА бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Радио
Таштандыны кайра иштетүү колго алынса иш орундары көбөйөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0