Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Нотариус" жазуусу. Архив
Нотариус жазуусу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Бул жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берери белгиленди.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет. Тийиштүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги сунуштап, Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.
Баяндоо жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, кээ бир райондордо нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аймак үчүн лицензияларды киргизүү болжолдонууда. Бул жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбоорунда нотариустарга эки түрдөгү лицензия берүү каралган. Универсалдуу — өлкөнүн бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүү үчүн берилет. Ошондой эле локалдаштырылган — республиканын белгилүү бир аймагында гана иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Лицензиянын бул түрүн алууда минималдык талаптар коюлуп, экзамендер кезексиз тапшырылат.
Сыдыков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып универсалдуу лицензияны алгандар адатта аймактарга барбай шаар жерлеринде каларын, ошондуктан жеңилдетилген лицензияны алгандар белгилүү гана аймакта ишмердүүлүк жүргүзө аларын белгиледи.
Министрдин орун басары бул демилге өз кезегинде аймактардагы нотариустардагы кезектерди жоюуга мүмкүндүк беренин айтты. Ошондой эле кандай лицензия алганына карабастан нотариустар берген документтердин юридикалык күчү бирдей экенин кошумчалады.
Натыйжада катталган 70 депутатын 59у мыйзам долбоорун колдоп, "каршы" добуш берилген жок.
Ноутбук менен иштеп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Министрлик ишеним каттарды аралыктан текшерүүгө болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0