Россияга жөнөтүлгөн Кыргызстандын 350 тонна жардамы Оренбургга жетти. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРОренбург облусундагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүү. Архив
Оренбург облусундагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россияга жөнөтүлгөн 350 тонна гуманитардык жардам Оренбург облусуна жеткирилгенин ӨКМден билдиришти.
Жүктү Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков тосуп алуп, жардамды алып барган ӨКМдин жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов менен жолуккан.
"Министр Куренков Кыргызстандын элине жана кыргыз бийлигине терең ыраазылыгын билдирди", — деп жазылат маалыматта.
Тамак-аш, кийим-кече, турмуш-тиричилик жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда керектелүүчү каражаттардан турган жалпы 20 автоунаага жүктөлгөн жардамдын бир бөлүгү облустун Илек айылына, экинчи бөлүгү Оренбург шаарына бөлүштүрүлгөнүн айтышты.
Эске салсак, президенттин тапшырмасы менен Россиянын суу капташынан жабыркаган Оренбург облусуна 350 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
Оренбургданы сел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Депутат Оренбургда селден жабыркаган кыргыздар жардам сурап жатканын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0