ЕАЭБ алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү талкууланды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ЕЭКЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. ЕАЭБдин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү талкууланганын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
© Фото / пресс-служба ЕЭКМеждународный круглый стол, посвященный перспективам развития топливно-энергетического комплекса стран ЕАЭС в области энергосбережения, экологии и развития возобновляемых источников энергии (ВИЭ) в Москве
Международный круглый стол, посвященный перспективам развития топливно-энергетического комплекса стран ЕАЭС в области энергосбережения, экологии и развития возобновляемых источников энергии (ВИЭ) в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Уюмдун отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн келечегине арналган тегерек столдо декарбонизациялоо жана союзга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралган.
"Талкуунун жүрүшүндө евразиялык "бештик" өлкөлөрдүн отун-энергетикалык комплексин аз көмүртектүү кылып өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу механизми катары жашыл сертификаттарды берүү маселелери жана башка өңүттөрү каралды", — деп айтылат маалыматта.
Тегерек столдун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө өз ара кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгы баса белгиленген.
ЕАЭБ министрлери биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун түзүүнү талкуулашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
ЕАЭБ министрлери биримдиктин жалпы энергорыногун түзүүнү талкуулашты
Жаңылыктар түрмөгү
0