Акылбек Жапаров бир катар министрлерди жазалады

© Фото / пресс-служба кабмина КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Айрым райондордун акимдери менен орун басарларын кызматтан алуу маселеси каралмакчы.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровго кызматтык милдетин так аткарбаган бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыялаганын өкмөттөн билдиришти.
Жазаланчулардын арасында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, транспорт министри Тилек Текебаев, маданият министри Алтынбек Максутов жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев бар. Булардан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жаратылыш ресурстары жана Саламаттык сактоо министрликтеринин башчыларынын орун басарлары да сөгүш алды.
Ошондой эле ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди.
Ал эми президентке айрым райондордун акимдери менен орун басарларын кызматтан алуу сунушталмакчы.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Президент баш прокурор менен министрге сөгүш жарыялады. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0