Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Нарында унаа чогулта турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, кытайлык инвесторлор менен облус жетекчилигинин ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлган. "Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод курууга ылайыктуу жер аныкталса завод курулуш башталат. Ал Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автоунааларды курап баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейин жумуш орун түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле инвесторлор жолугушууда Кытайдагы үч заводдон чыгып жаткан автоунаа үлгүлөрүн көрсөтүшкөнү кошумчаланды.
КРСУда Россиянын Мамлекеттик Думасынын, Федерация Кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болгонун аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты. Университеттин ректору Денис Фомин-Нилов ЖОЖдун тарыхы, жетишкендиктери жана пландар тууралуу айтып берди. "30 жылдын ичинде окуу жайды 30 миңден ашуун студент бүтүрдү. Ал эми кызматкерлердин саны 1 миң 793 адамды түзөт. Университетибиз жаңы муундун ЖОЖу болуп, 4.0 билим берүү концепциясын ишке ашырууга багытталган. Бул илимди, бизнести, билим берүүнү интеграциялоо гана эмес коомдук миссияны ишке ашырып, санарип компонентти да киргизиши керек", — деди Фомин-Нилов. Мамдуманын депутаты Дмитрий Кобылкин КРСУга мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал билим берүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү биргелешкен күч-аракетти талап кылган маанилүү милдет экендигин баса белгиледи. Федералдык жыйындын комитетинин төрагасынын орун басары Фарит Мухаметшин орус тилин колдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон. Ал Кыргызстанда тогуз орус мектеби курулуп жатканын, ал эми КРСУда орус тил мугалимдерин даярдоо башталарын эске салды.
Бишкекте дүйнөдө биринчи жолу "Ы" тамгасына эстелик коюлат. Арт-объект Бишкек шаарынын күнүнө карата 29-апрель күнү "Ынтымак" паркында ачылат. Иш-чараны "Российская газета" менен Бишкек мэриясы уюштуруула. Кыргызча-орусча сөздүктө "ы" тамгасынан башталган 600дөн ашуун сөз бар. Арт-объектиге QR-код коюлуп, ал аркылуу Кыргызстандын географиясы, кыскача тарыхы, эли тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде маалымат алууга болот.
Ишкердик чөйрөдө өз ара кызматташууну күчөтүү — евразиялык интеграциянын негизги артыкчылыгы. Бул тууралуу Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Москвадагы съездинде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев билдиргенин ЕЭКтин маалымат кызматы кабарларды. Сагинтаев евразиялык интеграциянын артыкчылыктуу багытын ишке ашырууда ишкерлер союзунун маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБде бизнес климатты жакшыртуу үчүн мыйзамдык база тынымсыз өркүндөтүлүп, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар жоюлууда. Ошондой эле ЕЭК башчысы өнөр жай кооперацияларынын долбоорлорун каржылоого кеңири токтолду. Быйыл буга 1,8 миллиард рублге жакын каражат бөлүнгөн. Сагинтаев бизнес-коомчулукту бул программага активдүү катышууга чакырды. Эл аралык алдыңкы стандарттарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны өндүрүү дүйнөлүк аренада ЕАЭБдин позициясын бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0