Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда, ага төрт жана андан көп балалуулар кирет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков демилгеледи. Салыштырма таблицада көрсөтүлгөндөй, азыркы мыйзамда көп балалуу эне түшүнүгү — беш же андан ашык уул-кызды төрөп, тарбиялагандар. "Бул түшүнүктү киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөргө министрлер кабинети аныктаган тартипте кошумча социалдык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп жазылган анын негиздемесинде. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстанда бул категорияга төрттөн ашык балалуулар (соцкепилдиктер берилет), Россияда регионго жараша үчтөн ашык чүрпөсү барлар кирери белгиленген.
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлө турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Чечим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынган. "2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт. Тескемеге ылайык, 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттик фонддон 4 миллион 141 миң сом бөлүү тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодекси жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоордун негиздемесинде күрөө колдонуу механизмин өркүндөтүү максатында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталганы жазылган. Ошондой эле мыйзам долбоорунда сот жыйналыштарына катышкан жактардын өтүнүчү же өз демилгеси менен сот отурумун теле, радио жана (же) интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүүгө уруксат берүү сунушталат. Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүдө аудио жана видео жазып алууну колдонуу нормасын күчөтүү жана аны милдеттүү кылуу сунушталат. Анткени иш жүзүндө көпчүлүк учурларда соттор тарабынан видео жазуу жүргүзүү колдонулбайт. Соттук отурумун аудио жана видео жазуусуз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала турган учурларды кошпогондо аудио жана видео жазуу жабдууларынын жоктугу же бузук экендиги соттун чечимин өзгөртүү, кайра карап чыгуу же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.
Бишкектеги кампалардын биринде төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, баңгизаттарды чет өлкөлөргө ташыган канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Алар көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенгени айтылды. "Бишкектеги кампалардын биринен төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы апийим куурайы 350 килограммга жакын кодеин жана морфин баңги, психотроптук заттарын камтыганын көргөзгөн", — деп айтылат маалыматта. Факты боюнча "Бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү" жана "Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында А.Ф.К. жана А.А.К. аттуу кыргыз жарандары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0