Жаңылыктар. Чыгарылыш 23:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 23:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди. Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон. Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылып, 25-апрелде абактан бошотулган. Депутат соттун өкүмүнө даттанарын билдирген. Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Анда эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу.
Салык органдары декларация кабыл алуу үчүн 25-апрелден тартып түнгө чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган органдын кызматкерлери декларацияларды күн сайын (дем алышсыз) саат 09:00дөн саат 00:00гө чейин кабыл алат. Мекеме жеке жактар декларацияны онлайн-режимде "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болорун белгилеген. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.
Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын алкагында Россия Федерациясынын жана Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Шойгу менен Бакытбек Бекболотовдун жолугушуусу болду. Шойгу Россиянын Коргоо министрлиги кыргызстандык кесиптештери менен көп тараптуу жана эки тараптуу форматта ШКУ, КМШ жана ЖККУнун алкагында тыгыз байланышта экенин белгиледи.
Вашингтон Борбордук жана Түштүк Азиядагы позицияларын калыбына келтирүү аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Астанада өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Афганстандагы радикалдык террордук топтор Борбор Азияга коркунуч туудуруда. Ошондой эле министр аталган өлкөдөгү кырдаал татаал жана террорчулук менен экстремизмдин жайылышынын булагы болуп саналарын белгиледи. "Вашингтон Афганстандан аскери чыгарылгандан кийин Борбордук жана Түштүк Азиядагы жоголгон позициясын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди күчөттү. Жыйынга катышып жаткандардын баары эле аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга жол берилбешин колдойт деп ойлойм. Мындай ниет ШКУ мейкиндигиндеги туруктуулукка коркунуч катары каралышы керек", — деди Шойгу. Ошондой эле ал Россияга жана анын өнөктөштөрүнө карата НАТО менен Евробиримдиктин конфронтациялык курсу ШКУ мейкиндигиндеги жана бүтүндөй дүйнөдөгү кырдаалга терс тааси
Жаңылыктар түрмөгү
0