Адахан Мадумаров депутаттык мандатынан ажыратылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон.
Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылып, 25-апрелде абактан бошотулган. Депутат соттун өкүмүнө даттанарын билдирген.
Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Анда эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0