Азербайжан кыргызстандык студенттерге квота бөлөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАзербайжан жана Кыргызстан желектери
Азербайжан жана Кыргызстан желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Азербайжандын ЖОЖдорунан билим алам деген кыргызстандыктарга стипендия төлөнөт.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Азербайжан 2025-жылдан тарта окуу жайларында бакалавриат программасы боюнча билим ала турган кыргызстандыктарга беш квота бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол койгон "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу" долбоорунун негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, кыргызстандык студенттерге акысыз билим берилип, стипендия төлөнөт. Мындан сырткары, медициналык тейлөө, окуунун тиешелүү шарттары каралат.
Министрлик ошондой эле Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын билдирди. Анын алкагында эки окуу жай билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба менен, окутуучулар жана студенттер менен алмашат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Садыр Жапаров Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0