Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Малабаев: жайыттар такыр болуп бара жатат

© Sputnik / Асылбек БактыбековАйыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменттин башкы адиси Нурбек Малабаев
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменттин башкы адиси Нурбек Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменттин башкы адиси Нурбек Малабаев түштүктө жайыттар такыр болуп бара жатканын айтты.
Жерди чөп чыкпай, такыр болуп кетүүдөн сактоо жана көп киреше табуу үчүн багбанчылыкты колго алуу зарыл. Бул тууралуу Нурбек Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Малабаев: жайыттар такыр болуп бара жатат
Анын айтымында, бир гектар бак эки тоннага жакын көмүр кычкыл газын, 15 тонна чаңды жутуп алат. Муну менен катар нымдуулукту өзүнө тартып алгандыктан ал жерде чөп көп өсүп, абаны салкындатат.
Жетекчи Кыргызстанда орто эсеп менен 53 миң гектар мөмө бак бардыгын, бирок түшүмдүүлүк өтө начар, беш тоннадан ашпай жатканын айтты. Негизинен алар 40 тоннадан 150 тоннага чейин түшүм бериши шарт. Экинчиден, мамлекеттик стандартка да туура келиши керек.
"Мөмө-жемиштерди райондордун жаратылыш шартына, аба ырайына ылайык бөлүштүрүп, аны өндүрүшкө таратып, тез арада жакшы пайда табуу зарыл. Бир гектар кунарсыз жер 80 килограммдан төмөн чөп берет. Мисалы, ал жерге 2500 түп алма эге турган болсок, болжол менен 24 тонна түшүм берет. Аны 50 сомдон сатса, бир миллион сом пайда түшөт. Ал эми 80 килограмм чөп бир койго да жетпейт. Өлкөдөгү жети облустун климаты да өзгөчө, бири-бирине окшошпойт. Жаз эрте келген аймактарга эрте бүрдөгөн, ал эми суугураак аймактарга кечирээк сортторду тандоо керек. Бактардын да пайдасы көп. Мисалы, бир гектар бак эки тоннага жакын көмүр кычкыл газын, 15 тонна чаңды өзүнө тартып алат. Муну менен катар нымдуулукту өзүнө тартып алгандыктан ал жерде чөп көп өсүп, абаны салкындатат. Мындан 1200-1300 жыл мурда Монголиядагы Гоби чөлү жайкалган жашыл жайыт болгон экен. Бара-бара жер такыр болуп, эл көчүп кеткен. Биздин жайлоолор да ошол акыбалга жетейин деп калды. Азыр да Ош, Жалал-Абад облусунда мал көбөйүп, жер такыр боло баштады. Ошол себептен багбанчылыкка сөзсүз баруу зарыл. Биз түштүктө ысыкка чыдамдуу жана эрте бышкан сортторду тандадык. Ал эми түндүк региондорго кыштын суугуна, үшүккө туруктуу сорттор сунушталды", — деди Малабаев
Ал аймактарга жараша мөмөнүн сортун өстүрүп сатса, экспорт да жакшы жолго коюларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0