Чүй облусунда шектүүнүн жанынан 12 млн. сомдук мефедрон чыккан

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧүй облусунда шектүүнүн жанынан 12 млн. сомдук мефедрон чыккан
Чүй облусунда шектүүнүн жанынан 12 млн. сомдук мефедрон чыккан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Учурда баңгизат каналына тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат жана психотроптук каражаттарды, алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен иш козгогон.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты

Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2

Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козгогон

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козгогон - Sputnik Кыргызстан
2/2

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козгогон

1/2

Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты

2/2

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козгогон

"Кармалган 29 жаштагы К.у.А. аттуу жаран эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү. Аны Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы "Манас" аэропорту – Бишкек шаары жолунан кармашкан. Жанынан 2 килограмм мефедрон чыккан жана рыноктогу баасын эсептей келгенде 12 миллион сомду түзгөн. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Учурда баңгизат каналына тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө уланып, бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жогорудагыдай кылмыш үчүн 14 жаштан ашкандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
УКМК баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүүгө жардам берген кишинин кармагалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Үйдө катылган баңгизатты ит кошо издешип... УКМК шектүүнү кармаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0