Шойгу: АКШ Борбор Азиядагы позициясын калыбына келтирүү аракетин күчөттү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев АКШ жана Борбор Азия мамлекеттерин желектери. Архив
АКШ жана Борбор Азия мамлекеттерин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
Министр аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга жол берилбестигин белгиледи.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Вашингтон Борбордук жана Түштүк Азиядагы позицияларын калыбына келтирүү аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Астанада өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Афганстандагы радикалдык террордук топтор Борбор Азияга коркунуч туудурууда. Ошондой эле министр аталган өлкөдөгү кырдаал татаал жана террорчулук менен экстремизмдин жайылышынын булагы болуп саналарын белгиледи.
"Вашингтон Афганстандан аскери чыгарылгандан кийин Борбордук жана Түштүк Азиядагы жоголгон позициясын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди күчөттү. Жыйынга катышып жаткандардын баары эле аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга жол берилбешин колдойт деп ойлойм. Мындай ниет ШКУ мейкиндигиндеги туруктуулукка коркунуч катары каралышы керек", — деди Шойгу.
Ошондой эле ал Россияга жана анын өнөктөштөрүнө карата НАТО менен Евробиримдиктин конфронтациялык курсу ШКУ мейкиндигиндеги жана бүтүндөй дүйнөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Конгрессинен Украинаны колдоого деген акчанын көпкө жетпесин айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0