28-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр. Архивдик сүрөт
Жамгыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
28-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жекшембиде туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас жеринде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +11…+16, Нарында +10…+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +20…+22 градусту чамалап барат.
Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Бүгүндөн тарта "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө үчүн жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0