Бишкекте Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

© Sputnik / Аяна БайтемироваБүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү
Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы дүйнөдөн кайткан. 150 баланы асырап өстүргөн 17 жаштагы кыз мээрман, ак жүрөк эне катары тарыхта калды.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп, ага катар "Энелик, мээримдүүлүк, эскерүү" аталышындагы форум башталды.
Иш-чарага Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" жана кыргызстандык "Перцы" тайпасынын байкерлери да катышкан. Алар "Жеңиштин жолдору менен" деген ураан алдында шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты.
Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев энеси бөбөктөрдү 1942-жылдан баштап асыраганын белгиледи.
© Sputnik / Аяна Байтемирова

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп, ага катар "Энелик, мээримдүүлүк, эскерүү" аталышындагы форум башталды

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп, ага катар "Энелик, мээримдүүлүк, эскерүү" аталышындагы форум башталды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп, ага катар "Энелик, мээримдүүлүк, эскерүү" аталышындагы форум башталды

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Иш-чарага Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" жана кыргызстандык "Перцы" тайпасынын байкерлери да катышкан

Иш-чарага Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" жана кыргызстандык "Перцы" тайпасынын байкерлери да катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Иш-чарага Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" жана кыргызстандык "Перцы" тайпасынын байкерлери да катышкан

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Алар "Жеңиштин жолдору менен" деген ураан алдында шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты

Алар "Жеңиштин жолдору менен" деген ураан алдында шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты - Sputnik Кыргызстан
3/3

Алар "Жеңиштин жолдору менен" деген ураан алдында шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты

1/3

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүп, ага катар "Энелик, мээримдүүлүк, эскерүү" аталышындагы форум башталды

2/3

Иш-чарага Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" жана кыргызстандык "Перцы" тайпасынын байкерлери да катышкан

3/3

Алар "Жеңиштин жолдору менен" деген ураан алдында шаар көчөлөрүндө жүрүш жасашты

"Апам Токтогон Алтыбасарова ленинграддык балдарды 1942-жылдан баштап 1952-жылга чейин, 10 жыл багып-чоңойтуп, тарбиялап өстүргөн. Апам өзү 1925-жылкы. Россиядан балдарды алып келишкенде 17 гана жашта экен. 150 бала аман-эсен эр жетип, кийин айрымдары мекенине кайтса, кээ бири Кыргызстанда калган", — деп эскерди ал.

Ал эми Санкт-Петербургдан келген "Ночные волки" мотоклубунун өкүлү Александр Костылев мотожүрүш мындан бир жума мурун башталганын айтты.
"Токтогон Алтыбасаровага арналган жүрүш 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында башталган. Азыр уланып жатат. Кыргызстанда боорукер, айкөл, баатыр адамдар көп экени мени сыймыктандырат", — деди россиялык мейман.
Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы дүйнөдөн кайткан. 150 баланы асырап өстүргөн 17 жаштагы кыз мээрман, ак жүрөк эне катары тарыхта калды.
 Токтогон Алтыбасарованын сүрөтү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Санкт-Петербургда Токтогон Алтыбасарованын элеси түбөлүккө сакталат
Жаңылыктар түрмөгү
0