Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Статистика

© Sputnik / Максим БлиновАйдоочу. Архивдик сүрөт
Айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Өлкөдөгү айдоочулардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 2,7 миллион адам айдоочулук күбөлүк алган. Бул республиканын эгемендүүлүк алган күндөн тарта бүгүнкүгө чейинки көрсөткүчү экенин "Унаа" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматта жогоруда айтылган сандын 84,1 пайызын эркектер, 15,89 пайызын айымдар түзгөнү айтылат.
"Жыл сайын автомектептерде окуган кыз-келиндердин саны өсүп, айдоочулук күбөлүк алгандар аз эмес. 2023-жылы 25 368 айым айдоочулук күбөлүк алган. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан 24-апрелине чейин 7 777 аял сынактан өтүп, айдоо укугуна ээ болду", — деп билдирди "Унаа" ишканасы.
Агенттик республика боюнча кызмат көрсөтүп жаткан 33 бөлүмдүн 26 бөлүмүндө сынак тапшырып, айдоочулук күбөлүк алса болорун эскертет. Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү жаңыртып же кайра калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаарынын Чокан Валиханов, №2а дарегинде жайгашкан Чыгыш бөлүмүндө дем алыш күндөрү да сынак тапшырууга болору айтылды.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшырып жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыра албагандар улам көбөйүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0