Жакыпов: башталгыч класстарга музыка сабагы милдеттүү түрдө кириши керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов башталгыч класстарга билим берүүдө музыка предмети унутта калып жатканын айтты.
Мектептерде эстетикалык билимдерге өзгөчө статус берүү зарылчылыгы турат. Мындай пикирин Кубатбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыка мугалимдери аз сааттан улам аймактагы мектептерде иштегиси келбейт.
"Билим берүү жана илим министрлигинин атайын токтому бар. Бирок ошого карабай, көбүнесе аймактагы мектеп директорлору музыка, кол эмгек, сүрөт сыяктуу сабактарды класс жетекчилерге берип коет. Өзгөчө башталгыч класстарда музыка жана сүрөт сабактарын адистештирилген мугалим окутпайт. Анан аз саат алып иштеп, жарыбаган айлыкка эч бир музыкалык билими бар педагог баргысы келбейт. Жыйынтыгында балдар эстетикалык билимден куру калууда. Ал эми бул — жаш муунду тарбиялоодогу олуттуу көйгөй. Андыктан эстетикалык билимдерге өзгөчө статус берип, абалдан чыксак болот. Болбосо башталгыч класстын мугалимдеринин сааты 16 саатка түшсө деле бир ставка катары кабыл алынсын деген эреже кирсе эле бул маселе чечилет. Кандай болгон күндө да бул жерде чоң каражаттын же башка чечилбеген маселенин көйгөйү эмес, кайдыгерлик гана болууда, — деди Жакыпов.
Ал чет мамлекеттерде музыка, сүрөт сабактарына олуттуу көңүл бурулуп, окуучу келечекте кайсы кесип ээси болбосун мектептен нота билип чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0