Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн медиамектепке катышты

© Фото / медиашкола “Журналистика эпохи цифровизации: Осторожно, контент!”Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн "Санариптештирүү доорундагы журналистика" аттуу медиамектепке катышты
Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн Санариптештирүү доорундагы журналистика аттуу медиамектепке катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Иш-чара Татарстан жетекчисинин фонду менен Россотрудничество бөлгөн гранттын эсебинен уюштурулган.
БИШКЕК, 27-апр. – Sputnik. Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн "Санариптештирүү доорундагы журналистика" аттуу медиамектепке катышты.
© Фото / медиашкола “Журналистика эпохи цифровизации: Осторожно, контент!”Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн "Санариптештирүү доорундагы журналистика" аттуу медиамектепке катышты
Медиашкола Журналистика в эпоху цифровизации в Казани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Кыргызстандык журналисттер Казанда өткөн "Санариптештирүү доорундагы журналистика" аттуу медиамектепке катышты
Иш-чара 23-26-апрель аралыгында өтүп, Борбор Азиядан барган 15 журналист тажрыйба алмашты. Анда жасалма интеллектинин журналистикага тийгизген оң-терс таасири, медиадагы фейктер менен манипуляциялар, генеративдик жана санариптик технологиялар сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, журналисттер "Татмедиа" басма жана массалык коммуникациялар боюнча агенттигине, "Эфир" телекомпаниясына, "К9" коммуникациялык агенттигине, Россия Ислам институтуна жана "Хузур" басма үйүнө барышты. Ошондой эле Казань федералдык университетинин алдыңкы адистеринен сабак алышты.
Иш-чара Татарстан жетекчисинин фонду менен Россотрудничество бөлгөн гранттын эсебинен уюштурулган.
Бишкекте эл аралык медиамектеп ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Бишкекте эл аралык медиамектеп ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0