"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери бир күнгө жабылат

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевОш облусундагы "Эркеч-Там" өткөрүү пункту. Архив
Ош облусундагы Эркеч-Там өткөрүү пункту. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Кытайда Эмгек күнү майрамдалмакчы.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу — Кытай тараптын демилгеси.
"Кытайда Эмгек күнүнүн майрамдалышына байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 1-майда жабык болот. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда кайрадан жанданат", — дейт айтылат маалыматта.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0