Дарыгер бир адам канча шишкебек жесе болорун айтып берди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүШишкебек. Архивдик сүрөт
Шишкебек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Шишкебек туздуу болгондуктан дасторконго туздалган бадыраң жана маринаддарды коюунун кажети жок.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бир адам жей турган шишкебектин порциясы 150 граммдан ашпашы керек, ал эми канчалык майлуу болсо, ошончо аз желгени дурус. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Шишкебектин бир порциясы 150 граммдан ашпашы керек. Майлуулугу андан да аз болгону оң. Айрымдар аны нансыз жей алышпайт. Ал үчүн биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанды эмес, башка дандар аралашкан кара ундун нанын тандоо зарыл", — деген Тяжельников.
Ошондой эле ал шишкебек туздуу болгондуктан дасторконго туздалган бадыраң жана маринаддарды коюунун кажети жок экенин айткан. Бадыраң, помидор, редиска, жашылчалардын отко какталып бышырылгандарын столго койсо туура болору белгиленген.
Дарыгер шишкебек соустарына да кылдаттык менен мамиле керектигин айтып, даяр соустарда туз, шекер ашыгы менен болорун, майонез майлуу экенин эске алууну кошумчалаган.
Шишкебек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Шишкебекке этти кантип туура тандаш керек? Гастроэнтерологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0