Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Кыргыз индустриянын" уставдык капиталынын 85 пайызы ишканаларды ачууга жумшалды

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргыз индустрия" ААКсынын өндүрүш тармагындагы инновациялык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Шамил Борончиев
Кыргыз индустрия ААКсынын өндүрүш тармагындагы инновациялык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Шамил Борончиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
"Кыргыз индустрия" ААКсынын өндүрүш тармагындагы инновациялык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Шамил Борончиев мекемеде кадр маселеси курч экенин айтты.
"Кыргыз индустриясы" 2021-жылдын аягында негизделген жана өкмөт өндүрүш, өнөр жай ишканаларын жандантуу үчүн бир миллиард сом бөлүп берген. Ал эми 2023-жылы кошумча 600 миллион сом каралды. Каражаттын 85 пайызы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды. Бул тууралуу Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Кыргыз индустриянын" уставдык капиталынын 85 пайызы ишканаларды ачууга жумшалды
Анын айтымында, ишкананы түзүү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара иштешүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Аталган компания импорттолгон тетиктерди азайтууга чоң көңүл буруп, жаңы заводдорду ачып, совет учурундагы ишканаларды кайра жандантып, бурамалар, темир буюмдар жана тикенек зымдарды, мык чыгаруучу перспективасы бар "Кыргыз темир мык" ЖЧКсын ишке киргизген.
Ал керамзит чыгаруучу компанияга инвестиция салуу менен курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолгон. "Кыргыз керамзит" — "Кыргыз индустриянын" үлүшүн биринчилерден болуп сатып ала баштаган ишкана.
"Бирок бардык артыкчылыктары менен бирге кемчиликтер да бар. Бүгүнкү күндө өлкөдө квалификациялуу кадрлар жетишсиз. Бизге инженердик кызматкерлер, жумушчулар керек. Андыктан мекемеге кандайдыр бир колледж, училище сыяктуу окуу жайды беришсе, анын базасында токарларды, фрезерлерди, ширетүүчүлөрдү даярдай баштайт элек. Бул адистер теориялык жактан эле эмес, иш жүзүндө күчтүү болушу зарыл. Ага квалификациялуу мугалимдерди тартабыз. Ушул убакытка чейин "Кыргыз чет транс", "Кыргыз темир мык", "Кыргыз кыш", "Кыргыз топчу", "Алай барстары", "Кыргыз электроника", "Көк алма", "Кыргыз фарфор", "Кыргыз бакча", "Кыргыз керамзит", "Жемиш кампа", "Бикей медикеар", "Шумкар энерго", "Кыргыз пластик", "Кыргыз стиль" жана "Кыргыз анимация" деп аталган өндүрүш ишканалары ачылды. Азыр эми айыл чарба тармагын колдоо максатында "Кыргыз индустрия" ААКсынын базасында жаңы туунду ишкана – "Кыргыз кийиз" түзүлдү", — деди Борончиев.
Ал 2024-жылы өкмөт тарабынан 100 долбоорду ишке ашыруу милдети тагылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0