Кар жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖайлоодо жүргөн жылкылар. Архивдик сүрөт
Жайлоодо жүргөн жылкылар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Өлкө боюнча 28-апрелде катуу шамал болору айтылды.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 5-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, борбор калаа Бишкекте жуманын алгачкы күндөрү күн ачык болот. 1-майда жаан жаашы күтүлүүдө, калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Чүй жана Талас облустары

28-апрелден 3-майга чейин көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Күн аптанын соңку күндөрү ачылат. 28-апрелде айрым жерлерде катуу шамал жүрүшү мүмкүн. Аптанын башында Чүйдөгү ашууларда түнкүсүн абанын температурасы -9 градуска чейин түшөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы келерки жума жамгыр менен коштолот. Синоптиктер 3-4-майда гана күн ачык болорун айтууда. Айрым жерлерде 28-апрель күнү катуу шамал жүрүшү болжолдонду. Апта ичи Оштун тоолуу райондорунда түнкүсүн -8 градуска чейин суук болору күтүлүп жатат.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

28-апрелден тарта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, 3-4-майда гана күн ачылат. Кыргызгидромет бул облустарда дагы 28-апрелде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болорун эскертти. Эки облустун тең бийик тоолуу райондорунда абанын температурасы -9 градуска чейин түшөрү айтылды.
Бишкекте ысыкта эл аялдамада коомдук транспортту күтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
35 градуска чейин ысыйт. Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0