Дөңгөлөк жууган жабдуу орнотпогон курулуш компанияларынын иши токтотулат

© Sputnik / Игорь ЗарембоБетон аралаштыргыч машиналардын айдоочулары. Архивдик сүрөт
Бетон аралаштыргыч машиналардын айдоочулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Курулуш компаниялары эреже бузуу жоюлгандан кийин гана ишин баштай алары айтылган.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте атайын техниканын дөңгөлөгүн жууй турган жабдууларды орнотпогон курулуш компаниялары жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы мөөнөт 29-апрелде аяктайт. Талапка жооп бербей иши токтогон компаниялар тиешелүү жабдууну орноткондон кийин гана жумушун уланта алат.
"Курулуш аянтчаларында трансбой, дөңгөлөктөрдү жууган эстакадалар болушу керек жана объектинин кире беришине шагыл төгүлүшү зарыл", — деп жазылат маалыматта.
Муниципалдык инспекция борбор калаадагы курулуш компанияларына курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдууларды же пунктуларды орнотуу зарылдыгы жөнүндө 61 көрсөтмө бергени айтылды.
Бишкекте эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0