Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо аймактарында ЖКга шайлоо башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши шайлоо учурунда добуш берип жатат. Архив
Киши шайлоо учурунда добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 адам ат салышууда, алардын 29у — эркектер, бирөө — аял.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда депутаттарды шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Добуш берүү тилкелери бүгүн саат 08:00дө ачылды. Үч шайлоо округу боюнча жалпысынан 198 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Добуш берүү саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
БШК шайлоочулардын тизмесин түзүп, алардын саны 349 798 киши экенин билдирди:
№2 Баткен шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын саны 112 379 болсо, анын ичинен 56 541и — эркектер, 55 838и — аялдар;
№7 Ош шайлоо округунда добуш берчүлөрдүн саны 125 386ны түзгөн, анын ичинен кыз-келиндер көп. Тагыраагы, 58 664ү — эркектер, 66 722си — аялдар;
№9 Кара-Суу шайлоо округунда да аял шайлоочулар арбыныраак. Жалпы 112 033 киши добуш бере турган болсо, 54 436сы — эркектер, 57 597си — кыз-келиндер;
Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 30 адам ат салышууда, алардын 29у — эркектер, бирөө — аял.
Аял шайлоо участогунда добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Кыргызстанда шайлоолорду жекшембиде эмес, жума күнү өткөрүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0