"Титаниктеги" эң бай адамдын алтын сааты 1,5 миллион долларга сатылды

© AP Photo / Kirsty WigglesworthТитаниктен алтын жалатылган Waltham чөнтөк сааты. Архив
Титаниктен алтын жалатылган Waltham чөнтөк сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Жон Астор өз заманынын эң бай адамдарынын бири деп саналган.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Титаниктин" эң бай жүргүнчүсүнө таандык болгон алтын саат Улуу Британиядагы аукциондо дээрлик 1,5 миллион долларга сатылганын RT басылмасы жазды. Bloomberg жазган кабарда бул — атактуу кемедеги эстелик буюм эң кымбат сатылган окуя. Саатты америкалык жеке коллекционер алган.
Жон Астор (сүрөттө төртүнчү) өз заманынын эң бай адамдарынын бири болуп саналган. Анын капиталы 87 миллион долларга жакын деп эсептелген, азыркы эсепте бир нече миллиард долларга тете.
Кырсык учурунда Астор аялын кайыкка отургузуп, өзү кемеде калган. Миллионердин сөөгүн кеме сууга чөгүп кеткенден жети күндөн соң табышкан. Андан JJA оюулары түшүрүлгөн 14 караттуу алтын саат табылган.
Как разрушается Титаник — ученые сняли видео на дне Атлантики - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2019
Кыйрап жаткан "Титаник". Атлантиканын түбүнөн жүрөк үшүткөн видео тартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0