Улуттук банк телефон шылуундары көбөйүп жатканын айтып, сак болууну эскертти

© Photo / Unsplash / Nathan DumlaoТелефон. Иллюстративдик сүрөт
Телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Башкы банк жеке жактарга эсеп ачпайт жана аларды тейлебейт.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Улуттук банк акыркы убактарда телефон аркылуу башкы банктын атынан чалып элди алдаган шылуундар көбөйүп жатканын эскертти.
Адатта алар өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоо менен адамдын жеке маалыматын, тагыраагы, банктык картанын реквизиттерин, CVV/CVC коддору тууралуу маалымат берүүнү суранат.
"Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке жана купуя маалыматтар талап кылынбай турганын эскертебиз. Ошондой эле башкы банкта жарандарга эсеп ачылбайт, жеке адамдар тейленбейт жана калк менен акчалай эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт", — деп айтылат маалыматта.
Башкы банк ушул себептерден улам шылуундардан сак болууну жана аларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт. Ошондой эле текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирип, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазууга болбойт.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Радио
Депозиттерди коргоо агенттиги: аманатты улуттук валютада сактоо ыңгайлуу
Жаңылыктар түрмөгү
0