Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубекова: бала тарбиялоону, үй-бүлөнү толук түшүнбөгөн муун ата-эне болду

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова
Балдардын укугун коргоочулар лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова учурда жаш ата-энелердин көбү бир кездеги кыйын замандын айынан үй-бүлө, тарбия тууралуу толук түшүнүк албай калганын айтты.
Билими төмөн, үй-бүлөлүк баалуулукту түшүнө билбеген муун келди. Себеби 1990-жылдардагы кайра куруу заманында көп ата-энелер курсак тойгузуу менен гана алектенип, балдарынын тарбиясына, билимине көп көңүл бура албай калган. Ошондогу балдар азыр ата-энелик куракка жетти. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Турдубекова: бала тарбиялоону, үй-бүлөнү толук түшүнбөгөн муун ата-эне болду
Анын айтымында, Кыргызстанда ажырашуу мурунку жылдарга караганда жыл сайын көбөйүп бара жатат.
"Учурда көп жаш үй-бүлөлөр өздөрүнүн ата-энелик функционалдык сабатсыздыгын көрсөтүп жатышат. Баланы кантип тарбиялоону, кайсы учурда эмне айтуу керектигин билбейт. Айрымдар уруп-сабоо менен эле бала тарбияланып калбай турганын түшүнбөйт. Балага убагында тамак берип, кийинтип-ичинткенден тышкары мээрим төгүү керектигин аңдабаган балдар ата-энелик куракка жетти. Кыргызстанда ажырашуунун саны өсүп жатат. Буга миграциянын да таасири бар. Тарыхты карап көрсөк, өнүккөн өлкөлөр деле бир кезде мындай толкунду баштан өткөргөн. Бирок "элди миграцияга жиберип, бөбөктөрдү интернат, балдар үйлөрүнө жайгаштырсак өлкөнү ким багат, ким алдыга сүйрөйт" дешип балдарды кайрадан үй-бүлөгө кайтаруу саясатын жүргүзүшкөн. Себеби үй-бүлө институту кыйраса мамлекеттин пайдубалына чоң жарака кетет. Өлкө да кыйрайт. Мындай учурду Молдова да баштан кечирди. Аларда балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн 95 пайызынын ата-энеси болгон. Биз деле ошондой абалдабыз", — деди Турдубекова.
Ал жетим балдар үйүндөгү көп бөбөктөрдүн ата-энеси миграцияга кетип калган же бага албай өткөрүп салышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0