Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Профсоюздар федерациясын күчтүү коомдук уюмга айлантуу иши башталды

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жаңы стратегия иштелип чыкканын айтты.
Учурда Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын 700 миңдей мүчөсү бар. Убагында мүчөлөрдүн саны 1,6 миллион эле. Эми жаңы чечимдер кабыл алынып, уюмдун кадырын көтөрүп, эмгекчилердин укугун коргоо боюнча реформа жүрүп жатканын Мурадил Жумадилде уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Профсоюздар федерациясын күчтүү коомдук уюмга айлантуу иши башталды
Анын айтымында, федерация үч багыт боюнча иштеп, стратегиялык планын түзүп чыкты.
"Федерацияга жаңы келген команда үч багыт боюнча иштеп, стратегиялык планын иштеп чыкты. Ал беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, бизге мүчө боло турган ишканаларга бир катар артыкчылыктар каралган. Кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртууга көңүл бурулат. Аталган багыт боюнча штаттык бирдикти Борбордук аппаратта алты кишиге жана ар бир облуста бирден кишиге көбөйттүк. Эми алар федерацияга мүчө мекемелердеги жумуш абалына, шартына көз салып турат. Мындай кадамдар менен биз өлкөдөгү эмгекти коргоо боюнча иш алпаруучу күчтүү коомдук уюмга айланышыбыз керек", — деди Жумадилде уулу.
Ошондой эле кызматкерлерди социалдык жана укуктук жактан колдоого багытталган программа түзүлүп, ал өкмөт менен бирге ишке ашырыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0