Күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирге катышчу кыргызстандык балбандар. Тизме

© Фото / United World WrestlingЭл аралык турнирде күрөш боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу. Архив
Эл аралык турнирде күрөш боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматтары боюнча, Түркиядагы бул турнир — 2024-жылдагы Олимпиадага жолдомо алуунун соңку мүмкүнчүлүгү.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирде Кыргызстандан сегиз спортчу күч сынашат. Мелдештер 9-12-майда Стамбулда өтөт.
Төмөндө Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын командасынын курамы:
Эркин күрөш:
Орозобек Токтомамбетов (74 кг салмак ченинде);
Атай Изабеков (86 кг салмак ченинде);
Андрей Аронов (97 кг салмак ченинде);
Айаал Лазарев (125 кг салмак ченинде).
Грек-рим күрөшү:
Азат Салидинов (86 кг салмак ченинде);
Үзүр Жусупбеков (97 кг салмак ченинде);
Роман Ким (130 кг салмак ченинде).
Ушуга чейин 2024-жылы боло турган Олимпиадага кыргызстандык тогуз спортчу лицензия утту.
ЖМКлардын маалыматтарына таянсак, Стамбул турнири — 2024-жылы өтүүчү Олимпиадага жолдомо алуунун соңку мүмкүнчүлүгү.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиадага катышат! Бүгүнкү жеңиштин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0