Батыштын да күчү жетпейт. Украин генералынын Крымды алуу боюнча айтканы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКрымдын Ялта шаары. Архив
Крымдын Ялта шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Владимир Зеленский жана жергиликтүү саясатчылар жарым аралды басып алуу ниетин бир нече жолу билдирип, бирок кескин жооп алган.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Сергей Кривонос украиналык теле алып баруучунун Крымды басып алуу боюнча айтканын четке какты. Бул туурасында ал YouTube каналындагы "Прямой" программасында айтып берген.
Интервью учурунда журналист Светлана Орловская америкалык куралдын жардамы менен украин армиясы жайында "Крымды аларын" же "Керч көпүрөсүн бузарын" айткан.
"Биз логистиканы буза албайбыз", — деген Кривонос алып баруучунун сөзүнөн кийин күлүп.
Ал Россия ташып жеткирүү боюнча көп тармактуу татаал чынжырчаны түзүп алгандыктан, аны үзүүгө Батыштын да куралынын күчү жетпестигин белгилеген.
Украин президенти Владимир Зеленский жана жергиликтүү саясатчылар Крымды басып алуу ниетин бир нече жолу билдирген. Буга чейин украин лидери жарым аралды "деоккупациялоо" максатындагы комплекстүү даярдыктар болуп жатканын жар салган.
Киевдин мындай билдирүүсүн Россия өзүн-өзү өлтүрүүгө баргандык деп атап, өзөктүк кубаттуу державадан аймактын бөлүгүн да алууга мүмкүн эместигин белгилеген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Крымга коюлган чабуулдун артынан өч алуу соккулары уруларын эскерткен.
Крым Россияга кантип кошулган. Тарыхты баяндаган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Крым Россияга кантип кошулган. Тарыхты баяндаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0