Президент Ноокат жана Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда шайлоодо киши добуш берүү учурунда. Архив
Кыргызстанда шайлоодо киши добуш берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Шайлоо эки депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башычынын маалымат кызматы билдирди.
Буга байланыштуу Башкы прокуратурага шайлоодо Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, министрлер кабинетине аны өткөрүүгө каражат бөлүү, коопсуздукту камсыздоо жана башка милдеттер тапшырылган.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу жана Максатбек Сарыбагышевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болууда.
Шайлоодо добуш берүү учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
ЖК шайлоосу: үч округдагы добуш берүү боюнча алдын ала маалыматтар
Жаңылыктар түрмөгү
0