Кийинки аптада Бишкекте 50 миң адамга манас айттыруу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчылар. Архив
Манасчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Республика боюнча "Урааным — Манас" сынагы өтүп, ага билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери катышууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында, 20-апрелден баштап республика боюнча "Урааным — Манас" долбоору өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери катышууда.
Аталган сынак быйыл экинчи жолу өтүп, манасчылар: Саякбай Каралаевдин — 130, Уркаш Мамбеталиевдин — 90, Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналганы белгиленди.
"Долбоор өлкөнүн 44 району жана 32 шаарында уюштурулуп, 11-майда борбор калаада жыйынтыкталат. Ага Бишкектин төрт районунан 50 миң адамды чогултуу пландалууда. Ал эми республика боюнча быйыл 500 миң окуучу манас жаттап, айтышууда", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал сынактын байге фонду үч миллион сомду түзөрүн айтып, сыйлыкты тапшыруу аземи июнга мерчемделгенин кошумчалады.
Открытие памятника Манасу в Астане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Токаев менен Жапаров Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты
Жаңылыктар түрмөгү
0