Майрам күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин кызматкери. Архив
ИИМдин кызматкери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
ЖКККББ жана Кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлөт.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маданий иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы бекитилген.

“Мындан тышкары, ЖКККББ жана Кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлөт. Мас же документсиз рулга отурган айдоочулар тыкыр текшерилет”, — деп айтылат маалыматта.

ИИМ эгерде шектүү жарандар аныкталса 102 телефону аркылуу милицияга билдирүүнү өтүнөт.
“Тартип сакчылар майдагы майрамдарды тынч өткөрүү үчүн бардык чараларды көрөт”, — деп айтышты ИИМден.
Унаа мамлекеттик ишканасы . Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
"Унаа" майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрдүн тизмесин жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0