Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнөдөн өттү

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРКыргыз эл акыны, сатирик, фельетончу Жолоочу Рысбаев. Архив
Кыргыз эл акыны, сатирик, фельетончу Жолоочу Рысбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айылында 1949-жылы туулган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз эл акыны, сатирик, фельетончу Жолочу Рысбаев 75 жашында дүйнөдөн өттү. Кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тастыктады.
Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги (азыркы Бишкек) Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген. Ошол эле учурда Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп, 1974-жылы бүтүргөн.
1975-жылдан тарта Кыргыз телерадиоберүү компаниясында редактор болуп иштеп, чыгармачылык жолун баштаган.
1988-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Ноокатта Ош облусундагы акыркы ардагер Карабай Бозорбоев көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0