Кыргызстанда быйыл "Өчпөс полк" жүрүшү өтпөйт. ИИМ себебин айтты

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарындагы "Өчпөс полк" жүрүшү. Архив
Бишкек шаарындагы Өчпөс полк жүрүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК,1-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда "Өчпөс полк" жүрүшү быйыл өтпөй турганын билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим "коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен" кабыл алынган.
"Тартип бузуу жана эл көп чогулган жерлерде кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар көрүлүүдө", — деп жазылат ИИМдин билдирмесинде.
Министрлик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Россияда Өчпөс полк жүрүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Россияда "Өчпөс полк" жүрүшү көчөлөрдө уюштурулбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0