Сузакта балдарды сүзгөн Porter айдоочусу кармалды. Соңку маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Айдоочунун аракетине баа берилмекчи.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Сузактагы окуядан кийин Porter унаасынын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Окуяны министрликтин жетекчилиги көзөмөлгө алып, ордунан текшерүү үчүн кеткен. Айдоочунун аракетине баа берилмекчи.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Ал жакка миңдеген окуучу манас айтууга чогулган. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгондор суралып, ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин саат 19:30га карата маалыматына ылайык, ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамды түздү. Анын ичинен 17си жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтапка операция жасалган, учурда абалдары туруктуу.
Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкек, Ош шаарларынан санавиация аркылуу керектүү адистер, дары-дармектер жөнөтүлгөн. Ошондой эле министр өзү да барары айтылды.
Кылмыш ишинин документтери чогулган папка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Сот Балыкчыда тестиер кызды сүзүп кеткен милиционерди бошотуп, иш токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0