Кыргызстанда канча соода борбору бар? Статкомдун маалыматы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы ГУМ жана ЦУМ соода борборлору. Архив
Бишкек шаарындагы ГУМ жана ЦУМ соода борборлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин быйылкы жылдын биринчи кварталына берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 88 соода борбору иштейт.
Ага ылайык, бул соода борборлорунда жалпысынан 7 994 соода жайы бар.
Алардын жарымынан көбү Бишкекте (42) экени айтылды. Ош менен Жалал-Абад облустарында 11ден соода борбору бар. Таласта эки гана соода үйү бар экени айтылды.
Акыркы жылдары өлкөдө соода-көңүл ачуучу борборлордун саны өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы алардын саны 72ден (биринчи кварталда) 82ге (төртүнчү) көбөйгөн.
Банктын белги тактасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Кыргызстанда кирешеге чыга албаган банктар. Өткөн жылдын статистикасы
Жаңылыктар түрмөгү
0